Билим берүү министри Чаткалда шыбы ураган мектептин ордуна жаңы мектеп убада кылды

Чаткалдагы шыбы түшкөн мектептин ордуна жаңы мектеп салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна караштуу Терек-Сай айылындагы №18 А.Чымканаев атындагы мектебине мугалимдер менен окуучулардан кабар алуу үчүн барды.

Министр билим уясынын биринчи корпусундагы шыбы ураган кабинетти көрүп чыкты. Мектептин абалы менен таанышуу учурунда Терек-Сайга инвесторлордун жардамы менен жаңы билим берүү мекемеси салынары айтылды.

Сапардын жүрүшүндө Алмазбек Бейшеналиев Чаткал районундагы бардык мектеп жетекчилери менен жыйын өткөрүп, тармактагы жаңылануулар боюнча жеринен маалымат берди.

Кырсык учурунда сабакта болгон окуучулардын жана мугалимдин ден соолугуна олуттуу зыян келтирилген эмес, окуучулар сабактарын кадимки режимде улантып жатышат.

Белгилей кетсек, мектептин кырсык катталган корпусунда окуу процесси токтотулган. Билим берүү мекеменин экинчи, жарактуу корпусунда уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан