Сабак учурунда мектептин шыбы урап басып калган мугалимге министр жолукту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Чаткалдагы мектепте болгон кырсыктан жабыркаган мугалим Асия Сакеевадан ооруканага барып, кабар алды.
Министр сабак учурунда күтүүсүз кырсыкка кабылган окутуучуга батыраак калыбына келип, өз окуучуларына кайрадан эртерээк сабак бере баштоосун каалады.
Алмазбек Бейшеналиев Асия Сакеевага жайкы каникул учурунда Ысык-Көл облусундагы ден соолукту чыңдоочу санаторийлердин бирине үй-бүлөсү менен эс алып келүү үчүн жолдомо берилерин айтты.
Кошумчалай кетсек, Ала-Бука райондук ооруканасына жаткырылган мугалимдин абалы жакшы, 2-3 күндөн кийин үйүнө чыгарылат.