Microsoft компаниясынын негиздөөчүсү жана мурдагы жетекчиси Билл Гейтс Reddit форумунда өзү кандай смартфон колдонорун айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Миллиардердин айтымында, ал азыр Samsung компаниясынын бүктөлүүчү смартфонун көтөрөт.
"Менде Android смартфону бар - бул Galaxy Z Fold3. Мен ар кандай смартфондорду сынап көрөм. Бул смартфон мен үчүн эң сонун. Себеби ноутбукту да, телефонду да алмаштырат", - деген Гейтс.
Samsung жана Microsoft бири-бири менен көптөн бери кызматташып келет. Билл Гейтстин программалары Samsung смартфондорунда дагы орнотулган.