Чечме айылындагы үрөй учурган жол кырсыгы: Министр каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Кадамжайда катталган ири жол кырсыгынан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.

"Мен Өзгөчө кырдаалдар министри катары кырсыкты жеринде көрүп кайттым. Бул кырсык чоң жоготуу менен коштолду. "Кырсык каш-кабактын ортосунда" деп элибиз бекеринен айтпагандыр.
Ушул кырсыкта жоготууга учураган үй-бүлөлөргө жана алардын жакын туугандарына, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар министрлигинин каза болгон 2 кызматкеринин үй-бүлөсүнө өзүмдүн жана министрликтин жалпы жамаатынын атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдүн аза кайгысын терең кайгыруу менен тең бөлүшөбүз. Маркумдардын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун", - деген Ажикеев.
Эскерте кетсек, 21-майда Баткен облусундагы өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаа токтой албай топтолгон адамдарды жана унааларды сүзгөн. Саламаттыкты сактоо министрлиги 8 адам каза болгонун, дагы бир нече адам жаракат алып ооруканага түшкөнүн кабарлаган.

Көп узабай жол кырсыгына кабылган Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа министрликке таандык экени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан