Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.
Маалыматка ылайык, тараптар гуманитардык, соода-экономикалык кызматташты талкуулашкан. Алака-катышка байланыштуу эки тараптуу макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын билдиришкен.
Өткөн аптада эки өлкөнүн президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев дагы телефондон сүйлөшүп, алака-катышты, анын ичинде чек ара маселелерин талкуулаган.