Ольга Лаврова: “Каржы министрлиги 2013-жылы казынадан 1,8 миллиард сом үнөмдөдү”

Бишкекте бүгүн, 29-январдагы КСДП фракциясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Каржы министри Ольга Лаврова “Республикалык казынадан 2013-жылы 1,8 миллиард сом үнөмдөөгө жетиштик” деп билдирди. 
Анын айтымында, 2013-жылдагы республикалык казына боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү керек. 
“Аталган сумманы казынаны оптималдаштыруунун негизинде үнөмдөөгө жетиштик. Казынаны бекитип жатканда министрликтер керек болгон суммадан ашыкча каражатты бекитүүнү айтышат. Бирок биз канча сурасаң да керек болгон сумманы гана аласың деген принципке таянып келебиз. Мекемелердин жетекчилери керек болгон каражаттын так суммасын эсептеп беришпейт. Ошондон улам кээ бир мамлекеттик мекемелер үчүн ашыкча каражат бөлүнүп калган”,- деди Лаврова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан