Бишкекте шахмат боюнча жеткинчектер арасында тандап алуу турнири өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Диалог" шаардык маданият үйүндө Леонид Юртаевдин Кубогу үчүн эл аралык мелдештерге катышуу үчүн шахмат боюнча балдар арасында квалификациялык турнир болуп өттү.
Турнирге 8, 10, 12 жана 14 жашка чейинки категориялар боюнча 100гө жакын бала катышты.
Катышуучулар Фиденин эрежеси боюнча 7 раунд бою швейцариялык система боюнча ойношту.
Балдар арасындагы жыйынтык боюнча:
Нурбеков Алинур (8 жашка чейинкилер арасында),
Токтобеков Шабдан (10 жашка чейинкилер арасында),
Нуров Байзак (12 жашка чейинкилер арасында),
Амиражанов Бекбол (14 жашка чейинкилер арасында)
Кыздар арасындагы жыйынтык боюнча:
Саизилдаева Аймана (8 жашка чейинкилер арасында),
Субанкулова Каныкей (10 жашка чейинкилер арасында,
Съездбекова Айжан (12 жашка чейинкилер арасында),
Токтобекова Азема (14 жашка чейинкилер арасында.
12-22-июнь аралыгында Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын биринчи эл аралык гроссмейстери Леонид Юртаевдин элесине арналган шахмат боюнча эл аралык турнир өтөт.
Мелдешке Борбор Азиянын ар кайсы өлкөлөрүнөн жана Орусиядан 300гө жакын катышуучу катышат.