Маалыматка ылайык, 21-майда элчилик Япониянын маданият иштери боюнча агенттиги жана "Min-on" концерттик уюму менен биргеликте Кыргызстан менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата "Жибек жолу – маданият жана достук көпүрөсү" концерт-ток-шоу өткөрүлдү.
Иш-чара Минато (Токио) шаарындагы Акасака коомдук борборунда өттү. Программада катышуучуларга Кыргызстан жөнүндө презентация жана салттуу бийлер менен улуттук музыкалык аспаптарда концерт тартууланды. Эң жаш жана активдүү катышуучулар "Беш ыргай" кыргыз бийин аткарууга өз аракеттерин сынап көрүшкөн.
Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө сүрөт жана көркөм кол өнөрчүлүк көргөзмөсү уюштурулду.