Блогер Батмакан Жолболдуеваны кармоо учурунда укугун бузгандыгы үчүн Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жазаланды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен ОИИБинин ички иликтөө бөлүмү тарабынан кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында Баткен РИИБнин 11 кызматкерине сөгүш, 5 кызматкерине “катуу сөгүш”, ал эми Баткен РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы нөөмөт бөлүмүнүн жана убактылуу кармоочу жайынын жетекчиликке алуу боюнча орун басарына “ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу” тартиптик чара колдонулган.
"Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайына жеткирилип келгенде Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлү 28-мартта Жолболдуевага жолуккан. Батмакан Жолболдуева милиция кызматкерлери аны повестка берип чакыртпастан, Раззаков шаарынан Баткен шаарына кармап келип камап койгонун мыйзамсыз деп арыз жазган.
Баткен өкүлчүлүгү экинчи ирет 5-апрелде барып жолукканда кармоо шарттарына арыз-дооматы жок экенин билдирген.
2022-жылдын 13-апрелинде Баткен облустук сотунун чечими менен Жалал-Абаддагы №53 ТИЗОго которулган. Акыйкатчынын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү эртеси 14-апрелде ага жолукканы барганда, Батмакан Жолболдуева убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери тарабынан орой мамилеге, моралдык басымга чыдабай, колунун кан-тамырын кескени белгилүү болуп, ал Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын жетекчисинин жана кызматкерлеринин иш-аракеттеринде орой мамиле жана коркутуулар болгонун жазган", - деп жазылат билдирүүдө.
Жыйынтыгында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайынын кызматкерлерине карата жоопкерчилик чара көрүүнү талап кылып, Башкы прокуратурага расмий кат жөнөткөн.
Маалымат үчүн:
Журналист Арзыгүл Галымбетова 37 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын өлүмү боюнча Баткен облусунун телеканалы укук коргоо органдарына кайрылып, иликтеп берүү өтүнүчүн келтирген.
Журналист Арзыгүл Галымбетова каза болордон 2 күн мурда милицияга кайрылып, аброюна шек келтирди деген блогердин үстүнөн арыз жазган. Андан кийин 33 жаштагы блогер кармалып, бир айга камакта калтырылган. Кийинчерээк шектүү Батмакан Жолболдуева өз өмүрүнө кол салууга аракет кылып, кан тамырын кескен.
21-апрелде Ош шаардык сотунда шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып жатканы маалым болгон. Ошондой эле Батмакан Жолболдуеванын үстүнөн 4 берене боюнча кылмыш иши козголгон.