Тышкы иштер министри АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы менен чек араны бекемдөө боюнча сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысы Дональд Луну кабыл алды. Дональд Лу Бишкекке Борбордук Азия өлкөлөрүнө болгон турнесинин алкагында келди дешет тышкы саясий ведомстводон.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка мамилелеринин актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактык жана глобалдык күн тартибин талкуулашты.
Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизген практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү өзгөчө белгиленди. Ушуга байланыштуу инвестициялык кызматташтыкты арттыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Эл аралык санкциялардын Кыргызстандын экономикасына тийгизген терс таасирин азайтуу, ошондой эле чек ара коопсуздугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү активдештирүү маселелери өзүнчө каралды.
"С5+1" платформасынын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын кеңири спектри боюнча конструктивдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан