Биз социалдык тармакта

Капотунда адам отурганына карабай унаасын айдап кеткен айдоочуга айып пул салынды

Буга чейин социалдык тармактарда унаа капотунда отурган адамга карабай жүрүп кеткен видео тараган. Аталган унаанын айдоочусу аныкталып, ага 7 жарым миң сом айып пул салынды. Бул туурасында бүгүн, 23-майда Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Мекемеден окуя 21-майда Жаш Гвардия бульвары жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде орун алганын билдиришти. Анда эки тарап урушуп кеткен.

"Кайгуул кызматкерлери издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, унаага жабышкан жаранды сүйрөгөн айдоочуга Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык (Авто ээнбаштык) 7500 сом айып салып, унаа айып короосуна киргизилди. Ал эми унаанын үстүндөгү жаранды издеп табуу иштери уланууда", - дешти басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан