"Коркунучтуу эмеспиз". Депутат Бишкек мэри парламентке келбей жатканын айтты

Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңеште бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйыны өтүүдө.

Жыйында депутат Эльвира Сурабалдиева, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров парламентке келбей жатканын айтты.

"Биз мэрдин келишин суранганбыз. Ал парламентке келгенден коркуп жатат окшойт. Мен жакында эле өзүнө жолугуп, аны депутаттар көргүсү келип жатканын дагы айткам. Биз анчалык деле коркунучтуу эмеспиз. Ага айтып койгулачы", - деди Сурабалдиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан