Бишкек шаарынын Манас кең көчөсүндөгү чырактар жаңыртылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери сырткы жарык берүү тармактарын реконструкциялоо боюнча иштерди аткарышты. Түндө жарык берүүчү чырактарды жаңыртуу үчүн 48 вт 500 жарык диоддук чырактар орнотулуп, сырдалып, металл каркастары иретке келтирилди жана 1400 метр узундуктагы электр чубалгылары алмаштырылды.
Белгилей кетсек, бул чырактар нейтралдуу ак түстүү температурага ээ болгондуктан, айдоочулардын көзүн чарчатпайт.