Унаалардын айнегин караңгылатуунун баалары бекитилди

Автотранспорт каражаттарынын алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатуу үчүн акы төлөө жана уруксатты каттоо тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

"Унаа" мамлекеттик мекемеси автотранспорт каражаттарынын айнектерин караңгылатууга уруксатты тариздөө боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп дайындалганын министрлер кабинетинен кабарлашты.

Айнектерди караңгылатуу үчүн акы төлөөнүн жана уруксатты тариздөөнүн тартибине ылайык:

– резидент-жеке адамдар үчүн 80 000 миң сом;

– юридикалык жактар үчүн 100 000 сом;

– резидент эместер үчүн 120 000 сом.

"Төлөмдөр накталай же республикалык бюджетке которуу жолу менен жүргүзүлөт. Уруксат 1 жылдык мөөнөткө берилет, эгерде менчик ээси уруксаттын мөөнөтү аяктаганга чейин колдонуудан баш тартса, төлөнгөн жыйым уруксатты пайдалануу мөөнөтүнө карабастан кайтарылбайт.

Жүргүнчүлөрдү ташыган жеңил унаалардан (таксиден) башка М-1 категориясындагы транспорт каражаттарын караңгылатууга уруксат берилет.

Белгилей кетүүчү нерсе, транспорт каражаттарынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууда арыз ээсинин каалоосу боюнча жарык өткөрүү коэффициентине чектөөсүз жол берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан