АКШда лотереядан байге уткан киши жеңиши тууралуу эки аптадан кийин билген

АКШнын Мичиган штатынын тургуну лотереядан ири суммадагы акча утуп алганын эки аптадан кийин билген. Чет элдик басылмалар жазган маалыматка караганда, байге 3 миллион 400 миң долларды түзөт.
45 жаштагы тургун көп жылдан бери лотерея билетин сатып алып, ойноорун айткан. Анын бул жолку сатып алган билети чоң суммадагы акча утуп алышына себеп болгон.
"Мен дайыма лотерея ойнойм. Бул дагы кезектеги билеттердин бири болгон. Адатта билетте утуш барбы же жокпу аны менин жубайым текшерет. Ал биз утушка ээ болгонубузду айтканда мен ишенген эмесмин, тамашалап жатат дегем. Бирок жубайым көзүнө жаш алганда тамаша эмес экенин түшүндүм", - деген жеңиш ээси.
Жеңүүчү акчаны бир жолку төлөм аркылуу алуу менен сумманын бир бөлүгүнөн баш тартууга макул болгон. Анын колуна 2 миллион 300 миң доллар акча накталай төлөмдө берилген жана ал азырынча бул акчаны банкта сактаарын айткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан