
Москвада сабалган 11 жаштагы кыздын ата-энеси Кыргызстанда жашайт. Бул туурасында Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги билдирип, учурга карата жашы жете элек кыздын абалы тууралуу маалымат берди.
"Окуянын чоо-жайын аныктоо иштеринин жүрүшүндө 28 жаштагы Т.Э. аттуу Кыргыз жараны күйөөсү менен бирге жашы жете элек эки баланы тарбиялап жатканы (Ош облусунун тургуну) аныкталды. Алар 2012-жылы туулган Т.С. аттуу жээнине карата күч колдонгон.
Кыздын ата-энеси Кыргызстанда. Туугандарынын айтымында, 2021-жылдын октябрь айында кызды ата-энеси Орусияда жашаган туугандарынын кичинекей балдарын кароого жардам берүү үчүн жиберген.
Ушул жылдын 22-майында элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери кыз жашап жаткан жерге барып, анын абалы менен таанышып келди. Кыздын абалы канааттандырарлык, визуалдык кароо боюнча кыздын көзүндө жана колдорунда көк ала тактар бар, ошондой эле ал психологиялык жактан басымга кабылганы байкалган.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Москва шаарындагы медициналык мекемелердин биринде Т.С. медициналык кароодон өткөрүлдү.
Июнь айынын башында жабырлануучуну мекенине кайтаруу пландалууда", - дешет маалымат кызматынан.
Элчилик Москва облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине Орусия менен Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тийиштүү чараларды көрүү үчүн кайрылуу жөнөттү. Бул маселе министрликтин өзгөчө көзөмөлүндө турганы белгилүү болду.
Буга чейин Москва шаарында 11 жаштагы кыргызстандык кыз туугандары тарабынан сабалганы
кабарланган. Кийинчерээк Кыргыз өлкөсүнүн Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү
Асел Чынбаева бул окуяны
көзөмөлгө алган.