КРнын Каржы министрлигинде иштегендердин орточо айлык акысы 15 миң сом. Муну бүгүн, 29-ноябрда “Республика” фракциясынын жыйынында каржы министринин орун басары Таалай Таткулов билдирди. “ММКларга каржы министрлигинде иштегендер 150 миң сомго чейин айлык алат деген маалыматтар чыгып кетти. Бул туура эмес, бизде андай айлык алган кызматкер жок”,- деди ал.
Таткулов Каржы министрлигинде 450дөй кызматкер бар экенин, 2014-жылга министрликке бюджеттен 400 миллион сом каралып жатканын айтты.