
Тажикстанда
Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" чыгармасынын негизинде чагылдырылган "Маңкурт" спектаклин көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу тажик басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аталган спектакль 20-май күнү саат 18:00дө көрсөтүлмөк.
Театр жетекчилиги көрүүчүлөргө спектакль коюуга жогору жактан тыюу салынганын, билет алгандар акчасын кайтарып ала алышарын айтышкан. Спектаклге кайсы ведомство тыюу салганын театрдан айтышкан эмес.
21-майда Тажикстандын Маданият министрлиги жергиликтүү радиолордун бирине алар спектакль коёрдун алдында көркөм кеңеш менен премьераны макулдашып алууну гана суранышкандыгын билдирген.
Башкармалык ошондой эле мындай тартип бардыгына тиешелүү экенин белгилеген.