Бишкекте унаа сүзүп кеткен адам комага түштү. Милиция жабырлануучуну аныктоого жардам сурайт

Бишкекте унаа сүзүп кеткен жөө адам эс-учун билбеген абалда ооруканага түштү. Бишкек ШИИББи жабырлануучунун аты-жөнүн аныктоого жардам сурайт.

Башкармалыктан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 23-майда саат 07:50 чамасында катталган. Анда 10-кичи райондо Мерседес Бенц унаасынын айдоочусу жөө адамды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жашы болжол менен 50-55 чамасындагы киши денесинен жаракаттарды алып, шаардык клиникалык ооруканага эс-учун билбеген абалда жеткирилген. Учурда ал комада жатат.

Бишкек ШИИББи тарабынан жөө адамды сүзүп кетүү фактысы боюнча тергөөгө чейинки иштер аткарылууда. Эгерде жабырлануучу же анын жакындары тууралуу маалымат билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: (0312) 53-22-33, (0312) 53-01-81, (0553) 11-21-13, (0502) 22-24-12 же 102.

Комада жаткан жарандын белгилери: бою 170 сантиметр, чачтары ак, арык, башка өзгөчө белгилери жок.

Үстүндөгү кийимдери: боз түстөгү спорттук күрмө, жашыл свитер, көк футболка, кальсон, жынсы шым, кара кур, байпактары кара, кара туфли.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан