"Макарон, помидор, ун". "Азовсталь" заводунда согушкерлердин акыркы тамактары табылды

Мариуполь шаарында жайгашкан "Азовсталь" заводунун жер төлөсүндө заводдо жашынган аскерлердин акыркы тамактары табылды. Бул тууралуу аскер кабарчысы Дмитрий Стешин өзүнүн телеграмм каналына жазды.

"Бул бункерде балык консервасынын ондогон банкасы жана полтава рагы, бир мүшөк ун, он литрдей өсүмдүк майы, беш килограммдай макарон жана үч литрлик идиште помидор бар экен", - деп жазды ал.

21-майда Орусиянын Коргоо министрлиги "Азовсталь" заводун толук көзөмөлгө алгандыгын билдирген. Анда заводдун аймагындагы 2 миңден ашуун согушкерлер багынып бергени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан