Ат-Башыда жайлоого мал айдап кетип дайынсыз болуп жаткан үч бала кайтып келди

Нарын облусунун Ат-Башы районунда тоого жылкы айдап кеткен үч бала аман-эсен кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Балык-Суу тилкесине 21-май күнү саат 06:00 чамасында жайытка жылкы айдап кеткен 3 бала 23-май күнү саат 20:40 чамасында өздөрү кайтып келишкен. Абалдары жакшы. Издөө иштерине кызматкерлер жана туугандары тартылган", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан