2022-жылдын июнь айынан баштап Үрүмчү - Бишкек - Үрүмчү аба каттамы жанданат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, өлкө башчы Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин ортосунда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда туруктуу аба каттамдарын жандандыруу жөнүндө жетишилген макулдашууларынын жыйынтыгы боюнча ушул жылдын июнь айынан баштап Үрүмчү-Бишкек-Үрүмчү багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамдары жанданат.
"Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруу боюнча деталдуу маселелер жакынкы аралыкта эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда макулдашылмакчы", - деп билдиришти министрликтен.