Супер фактылар: Аптаптуу ысыкта жардамга келген кондиционерлер тууралуу кызыктар

"Кондиционер" деген сөз (air - аба жана condition – шарт) илгери эле пайда болгон, ал бөлмөдө керектүү температураны кармап турган түзүлүштү белгилөө үчүн колдонулган. Француз Жанн Шабанне аттуу адам 1815-жылы бөлмө температурасын көзөмөлдөө ыкмасын патенттеген. Кондиционер тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

- Абаны атайын муздатуунун биринчи аракети акыркы миң жылдыкта Персияда болгон. Бул үчүн перстер атайын шахталарды колдонушкан, ал жерде атайын идиштерге суу куюп коюшкан. Шахтанын муздак, нымдуу абасы бөлмөлөрдү салкын кармаган.

- Оригиналдуу кондиционер системасы биринчи жолу 1903-жылы Нью-Йорк биржасынын имаратында орнотулган.

- Кондиционерди өнүктүрүүнүн кийинки кадамы аны жөнөкөй батирлерде колдонуу болду. General Electric компаниясы кондиционерди иштетүүдө колдонулган аммиактын зыянынан улам компрессор менен конденсаторду бөлмөнүн дубал сыртына орното баштаган.

- 1931-жылы фреондун жардамы менен иштеген жана бардык керектүү компоненттерди камтыган терезе кондиционерлери пайда боло баштады. Фреон - адамдын ден соолугу үчүн коопсуз болгон.

- Ал эми Daikin компаниясы суук мезгилде да кондиционерди колдонуунун ыкмасын ойлоп табышкан. Натыйжада абаны жылыта ала турган биринчи кондиционер пайда болгон.

- СССРде кондиционерлер 1970-жылдары гана батирлерде колдонула баштаган. 1960-жылдары алар кемелерде жана ракеталарда гана колдонулган.

- Кызык жери, кондиционерлердин пайда болушу дары-дармектердин жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна да таасирин тийгизген, анткени суук чөйрө медициналык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө ыңгайлуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан