24-майдан 26-майга чейин Ош шаарында аскердик машыгуу өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ош шаарына кире бериштерде блокпосттор орнотулуп, аскерлер, аскердик техникалар тартылат. Жолдон куралчан аскерлерди көрсөңүздөр чочулабаңыздар. Бул аскердик машыгуу", - деп билдиришти мэриядан.