Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл акыны Сооронбай Жусуевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду.
Иш-чарага маданият, маалымат,спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова катышты. Андан сырткары Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, Роза Айтматова, Жедигер Саалаев, Акбар Рыскулов баштаган белгилүү адабиятчылар, акын-жазуучулар катышты.
Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районуна караштуу Алай-Куу өрөөнүндөгү Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айылдагы мектепти бүтөрү менен 18 жашында 1943-жылы аскердин катарына чакырылып, согуштун акырына чейин Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөгөн.
1950-жылы алгачкы "Эмгек күүсү" аттуу ыр жыйнагы басмадан чыккандан кийин, акындын дагы 30дан ашык китеби эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ырлары казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдерине жана башка чет тилдерине да которулуп чыгат. Кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн 1981-жылы "Кыргыз эл акыны" наамы берилген.