Бир күн ичинде террордук 3 аракетти жоюу боюнча операциялар аткарылды (сүрөт, видео)

Өлкөдө терроризм жана эктремизмге каршы күрөшүү боюнча "Өз ара аракеттенүү-2022" аталышындагы атайын окуп-машыгуу өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты - террордук актыларды алдын алуу, жоюу, бөгөт коюу, курал-жарактарды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу.

Машыгуулар Бишкек шаарында, Чүй, Ош, Баткен облустарында да уюштурулду. Борбор калаадагы машыгууда бир эле күндө 3 жайда катталган антитеррордук аракеттер менен күрөшүү операциясы көрсөтүлдү.

Терроризмге каршы күрөшүүнүн биринчи машыгуусу Бишкектеги соода, оюн-зоок борборлорунун биринде болуп, анда УКМКнын сапёрдук тобу атайын техниканын жардамы менен колго жасалган жардыргыч затты жеринде зыянсыздарды. Кылмышка шектүүлөрдү колго түшүрүп, борбордун кызматкерлери, кардарлары эвакуацияланды.

Ал эми экинчи операцияда барымтага түшкөн жарандарды бошотуу, террордук актыларды жасоого айыпталып, Чүйдөгү камак жайларда жазасын өтөп жаткандар уюштурган баш аламандыкты токтотуу, кылмышкерлерди кармоо, кайра өткөрүп берүү боюнча машыгуу болду.

Үчүнчү машыгуу Бишкектеги ЖЭБ-2 аймагында өттү. Анда террорчулар барымтага алган кишини аталган аймакка алып келишти. "Альфа" атайын багыттагы бөлүктүн аскерлери кылмышкерлер менен сүйлөшүү аракетин көрүшүп, жыйынтык болбогонунан ыкчам штабдын чечими менен штурмалоого өтүштү. Террорчуларды колго түшүрүү операциясында тик учак да колдонулду.

"Өз ара аракеттенүү-2022" аталышындагы иш-чара Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Ички иштер министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы менен биргеликте уюштурулду.


Бүгүнкү окуп-машыгуу биргелешкен иш-чарасынын катышуучулары "Улуттук коопсуздук органына 100 жыл", "Альфага" 20 жыл" төш белгилери жана грамоталар менен сыйланышты.

Машыгуунун акыркы этабы 26-майда Коргоо министрлиги тарабынан өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан