"Теплые ключи" комплекси "Электр станциялары" ачык акционердик коомуна 15 жылдык мөөнөткө убактылуу пайдаланууга берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында жайгашкан "Теплые ключи" дарылоо-ден соолукту чыңдоо комплексинин кыймылсыз мүлкү "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна кийин мөөнөтүн узартуу укугу менен 15 жылдык мөөнөткө акысыз пайдаланууга берилди. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
"Мындай чечим "Теплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплексинин мүлкүн сактоо, эффективдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынган. Аталган комплекс 1977-жылы энергетика тармагынын кызматкерлерин реабилитациялоо, оорулардын алдын алуу, дарылоо жана эс алуу үчүн пайдаланууга берилген. Белгилей кетсек, азыркы учурда "Теплые ключи" ден соолукту чыңдоо комплексин модернизациялоо, имараттарын жана курулмаларын талаптагыдай деңгээлинде кармап туруу зарыл. Ал эми аны тейлөө дагы эле "Электр станциялары" ишканасынын финансылык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.