Өзгөндө үч жарым миңден ашуун паспорт жоголду

Ош облусунун Өзгөн районунда 3 миңден ашуун ID-карталары жана жалпы жарандык паспорттору жоголду. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылуусунда айтты.

“Паспорт мафиясына байланыштуу менин арызым боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн убактылуу жыйынтыгын сиздерге билдиргим келет. Текшерүүнүн жыйынтыгында төмөнкүлөр аныкталды: Өзгөн районунда 1667 ID паспорт, 2101 жалпы жарандык паспорттор жоголгон”, - деди ал.

Ошол эле учурда Санариптик өнүктүрүү министрлиги УКМК менен биргеликте жок кылынууга тийиш болгон 2020-2021-жылдарга жараксыз паспорттордун реестрлерин инвентаризациялады.

Талантбек Имановдун айтуусу боюнча, инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча башкармачылык тарабынан төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:

Аймактар аралык башкармалыгынын адиси ээлеген кызматынан бошотулду (УКМКнын кылмыш ишинин алкагында кармалган;
Ош облусунун Араван районунун бөлүм башчысы кызматынан бошотулду. Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында ал үй камагына алынды;
Бөлүмдүн кызматкерлерине дициплиналык жазалар жарыяланды;
Бөлүмдүн бардык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткаруу жана ишенип берилген бөлүмгө көзөмөлдү күчөтүү жөнүндө эскертилди.

Талантбек Иманов бул маселе боюнча иштер улантыларын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан