Бакыт Төрөбаев Жалал-Абаддагы заводдордун ишмердүүлүгү менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жалал-Абад облусундагы "Нур" ачык акционердик коомунун жана "Майлуу-Суу электр лампа заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Анда Бакыт Төрөбаев анда өлкөдөгү иштебей турган заводдорду ишке киргизүүгө көмөктөшүү жана ата мекендик өнөр-жай ишканаларын колдоо боюнча министрлер кабинети тиешелүү органдарга бир катар милдеттерди койгонун белгиледи.

"Аймактарда көп нерсе шаарды түзүүчү өнөр-жай ишканаларынын ийгиликтүү иштешинен, анын ичинде жарандардын жашоо шартынан, инфраструктуралык маселелерди чечүүнүн ылдамдыгынан, жумуш орундарынын болушунан жана жалпысынан социалдык-экономикалык кырдаалдан көз каранды.

Ошондуктан биз мындан ары да ата мекендик өнөр-жай ишканаларын колдоо маселелерине дыкат көңүл бурабыз", - деди төраганын орун басары.

Иш сапардын жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөргө өндүрүштү модернизациялоо жана кеңейтүү, жумушчу орундардын санын көбөйтүү максатында электр лампа заводуна инвестиция тартуу жана насыя берүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары "Нур" ишканасына учурдагы базаны эске алуу менен продукциянын жаңы рыногун табууга көмөк көрсөтүү жана өндүрүш көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу табыштады.

Маалымат үчүн: "Нур" ишканасы 50 жылдан ашык убакыттан бери атайын жана жарандык багыттагы электр бириктиргичтерин чыгарат. Экспортко багытталган компания учурда буйрутмалардын аздыгынан улам өндүрүштүк кубаттуулугунун үчтөн бирин гана колдонууда.

Ал эми Майлуу-Суу электр лампа заводунда 1250дөй адам иштейт. Заводдогу айнек чыгаруучу мешти реконструкциялоо жана иш процесстерин модернизациялоо үчүн ишканага инвестиция тартуу зарылдыгы белгиленди. Бул өндүрүштүн жыл бою иштешин камсыз кылары жана жумушчу орундардын санын 2 миңге чейин көбөйтөрү айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан