Бишкектин жаңы конуштарында 3 мектептин курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептердин бири Ак-Ордо жаңы конушундагы Тагай бий көчөсүндө курулуп жатат. Ал 750 орунга ылайыкталган. Учурда аталган окуу жайдын пайдубалы түптөлүп жатат.
Ал эми 660 орунга ылайыкташтырылган экинчи мектеп Ак-Босого жаңы конушуна салынып жатканы кабарланды.
Ошондой эле 380 орундуу дагы бир мектеп Көлмө калктуу конушунда курулууда. Учурда аталган жалпы билим берүүчү мекемелердин курулуш иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.