
Молдованын экс-президенти мамлекетке чыккынчылык кылган деп камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Молдованын мурдагы президенти Игорь Додон 72 саатка камакка алынган.
Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматка караганда, учурда анын үйүндө, Садова айылындагы ата-энесинин үйүндө жана Калараси аймагындагы Додондун башка объектилеринде тинтүү иштери жүрүп жатат.