Дубайда алдыңкы брокерлердин бири болгон кыргыз жигити: "Кытай, англис тилин үйрөнгүлө!"

SUPER.KG порталынын "Ийгилик жаратууга дем берген жаштар" рубрикасынын маек төрүндө Дубай шаарында алдыңкы брокерлердин бири болуп эмгектенип жаткан кыргыз жигити Эрмек Такырбашев болмокчу. Ал өзүнүн айтылуу Дубай шаарындагы жашоосу тууралуу баяндап берди.

- Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

- Мен Такырбашев Эрмек, 1991-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жолколот айылында төрөлгөм. Бала кезим айылда эле өттү, кийин Бишкекте Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин араб тили факультетинде билим алгам.

- Учурда кайсы өлкөдө, шаарда жана кайсы тармакта эмгектенип жатасыз?

- Учурда мен Бириккен Араб Эмиратынын Дубай шаарында кыймылсыз мүлктөр боюнча агенттикте иштейм, тагыраак айтканда брокерлик компанияда. Өз кесибимди жумушум менен айкалыштырып келем. Негизинен айтканда жаңыдан курулуп жаткан турак жайлар менен иштейм. Анткени бул кардарларга да жеңил. Бөлүп төлөгөнгө ыңгайлуу. Экинчи колдон алынган үйлөр менен иштөө кичине узун процессти талап кылат. Мындай учурда кардарлар турак жайдын акысын 100 пайыз төлөөгө милдеттүү же болбосо ипотека менен алууга туура келет.

- Жашоодо кыйынчылыктар болбой койбойт. Сиз жашоодо татаалдыктардан кантип чыгасыз?

- Чынын айтсам, бул жумушту баштап жатканда башыма өтө чоң сыноолор келди, аларды атап отурбай эле коёюн, анын үстүнө пандемия учуруна да туш келип калган болчу, бул жумушка көп адам чыдай бербейт, кээ бирөө бир, эки ай иштеп чыгып кетишет. Мен болсо сегиз ай кыйналдым, бирок ичте болгон ишеним болсо адам баарын жеңет экен.

- Жаңы жумушка кирген учурда кызыктуу, анан эзели эстен кеткис окуялар болорун көп айтып келишет. Сиздин дагы жумуш тажрыйбаңызда дал ушундай окуялар кездешти беле?

- Эстен кеткис окуялар көп. Дубайда кээде күнүнө, кээде жумасына жаңы 4-5 чоң курулуш компаниялардын долбоорлорунун ачылышы болуп турат. Анан башында ошолордун баарын тең мээңде сиңире албай, терминдерди түшүнбөй, эптеп кардарларды таап келесиң, бирок аларга керектүү долбоорлорду сунуш кыла албай, ортодон кардарларды башкаларга алдырып жиберген учурлар көп болду. Айтор аябай кыйналгам, азыр эстеп алып күлөм.

- Арабча эркин сүйлөйт экенсиз. Үйрөнүү оор болдубу? Канча тил билесиз?

- Өзүм араб, орус, түрк жана англис тилдеринде сүйлөйм, ал эми кардарларымдын дээрлик көбү - бул Европа, Орусия, Индия жана Кытай мамлекеттеринен.

- Азыркы учурда бүтүрүүчүлөр кесип тандап жаткан кези да. Учурда кайсы кесиптерди актуалдуу, суроо-талап жогору деп атай аласыз?

- Эң биринчи бул дүйнөлүк тилдерди анын ичинен кытай, англис тилдерин өздөштүрүп алуу керек. Анткени азыр кайсы тармак болбосун ушул жогорудагы айтылган тилдерге байланышы бар. Ошондуктан англис жана кытай тилдери эч качан актуалдуулугун жоготпойт. Ошондой эле албетте IT тармагы, анткени кайсы компания болбосун ал сөзсүз IT тармагына байланыштуу.

- Дубайдагы бир күнүңүз кандай өтөт? Эс алуу күнүңүзчү?

- Ар бир күнүм эртең мененки 7:00дө спорт залда машыгуу менен башталат, андан соң таңкы тамактануудан кийин эле көбүнчө кардарлар менен жолугушуу болот. А кээде күнүм ар кандай тренингдер менен башталып калат.

Ал эми эс алуу күнүмдө дайыма эрте турганга аракет кылам. Анткени эрте турсаң күнүң узун өтөт жана ар тармакта иштеген достор, коллегалар менен тамакка чогулабыз, бирок алар менен жолукканда баягы эле жумушту талкуулап, пландарды түзөбүз.

- Дубайга барам деген жаштарга кеңешиңиз?

- Тил үйрөнүп келгениңер өзүңөр үчүн чоң пайда. Жакшы жумушка киргенге да өбөлгө болот.

Маегиңизге чоң рахмат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан