Бишкекте бүгүн, 29-январдагы КСДП фракциясынын жыйынында Замир Алымбеков
“Каржы
министрлиги башкалардын жетишкендиктерин өздөрүнө таңуулоо менен алек. Алар
каражаттын жетишсиздигинен чөгөлөгөнгө мажбур болгондорду ойлобойт”,- деп
билдирди.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Каржы министри Ольга Лаврова
2013-жылдын республикалык казынадан үнөмдөлгөн каражаттын көпчүлүк бөлүгү “Кыргызгаз”
ААКсынын карыздарын жабууга багытталганын айтты. “Үнөмдөлгөн 1 миллиард 800
миллион сомдон 120 миллион сом “Кыргызгаздагы” карызды төлөө үчүн “Бишкеккоммунэнергого”
берилди. 104 миллион сом газдын карызын төлөө үчүн “Ошжылуулукэнергого”, 200
миллион сом “Кыргызгаздагы” карызды төлөө үчүн “Инетргласска” берилди. Мындан
сырткары 80 миллион сом Баткен облусундагы чек ара жолдорунун курулушуна,
50 миллион сом Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эсебине которулду. Ошондой эле
101 миллион сом Билим берүү министрлигине айлык-маяна үчүн бөлүнүп берилди”,-
деди министр Ольга Лаврова.
Депутат Замирбек Алымбеков Каржы министрлиги үнөмдөлгөн
каражатты өз алдынча бөлүштүргөнүнө таңданып “каражаттарды өз алдынча
бөлүштүрүүгө силерге ким укук берди?” деди.
Лаврова Казына жана каржы
комитетинин чечими менен каражаттар бөлүнгөнүн айтты.
Министрдин жообуна
канааттанбаган депутат “Силердин кантип үнөмдөгөнүңөрдү билебиз. Бул силердин
аракетиңерден эмес. Тышкы карыздын жабылып жатышына таасирин тийгизип
жаткандарды да билебиз. Каржы министрлиги өз саясаты менен генералдарды
чөгөлөттү. Алар каражат сурап аскерлерин тамактандырууга, кызматтык унааларга
май куюунун айласын издөөгө мажбур болууда. Маселен, күч органдары казынадан 5
миллиард бөлүүнү суранса, силер 2 миллиард бересиңер. Укук коргоо органдарын каржылабай туруп
реформа жөнүндө айтасыңар. Биринчи тойгузуп, анан коомдук тартипти талап кылуу
керек”, -деди Замир Алымбеков.