2022-жылдын 8-майынан баштап Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскер кызматкерлери Түркияда өтүп жаткан көп улуттуу “Эфес-2022” машыгуусуна катышууда. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Түркиянын Измир шаарында машыгуунун биринчи этабы болуп, аталган этаб командалык-штабдык форматында компьютердик моделдөөнү колдонуу менен өттү.
28-майдан 9-июнга чейин Измир шаарындагы “Доганбей” полигонунда бириккен көп улуттун кошуундарынын курамында күжүрмөн ок атуулары менен коштолгон практикалык аракеттери пландалган.
Машыгуунун максаты атайын багыттагы аскерлердин чеберчилигин, күжүрмөн даярдыгынын деңгээлин көтөрүү болуп саналат", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн маневраларга катышуусу – көп улуттуу аскерлер менен группанын курамында өз ара аракеттешүүнү уюштурууда чоң тажрыйба алышууда.