Телеграм аркылуу айдоочулук күбөлүктөр сатылууда. Милиция эмне дейт?

Телеграм мессенжери аркылуу айдоочулук күбөлүктөр сатылууда. Бул тууралуу жарыялар аталган социалдык тармакка жарыяланган.

Анда күбөлүк сатып алган бир нече адамдын сүрөттөрү жарнама катары жарыяланганын көрүүгө болот. Андан сырткары сатуучулар күбөлүктөрдүн легалдуу экенин айтышып, атайын мамлекеттик мекемеге официалдуу катталарын убада кылышкан.

Бул боюнча ИИМдин басма сөз кызматына байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.

Биздин мыйзамдарга ылайык республика аймагында жалгыз гана "Унаа" мамлекеттик мекемеси айдоочулук курам жана транспорттук каражаттар тууралуу маалыматтардын негизги ээси болуп саналат.

Ошондуктан социалдык тармактарда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын базасына маалыматты киргизүү менен айдоочулук күбөлүк берилгени тууралуу маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан