Караколдо Чолпон айылынан келген 11 жаштагы кыз адашып кетти

Каракол шаарында адашып кеткен 11 жашар кыз атасына аман-эсен өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Каракол шаарынын тургуну 11 жашар кыздын адашып калгандыгын байкап калып, бул жөнүндө милицияга кабарлаган. Маалымат берилгенден кийин балдар иштери боюнча инспекциясынын инспектору айтылган дарекке барып, кызды алып кеткен.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин кыздын 2011-жылы туулгандыгы жана азыркы учурда Ак-Суу районуна караштуу Чолпон айылында жашагандыгы белгилүү болгон. Кыздын айтуусу боюнча ал Каракол шаарында жашаган бир тууган эжесинин үйүнө бараткан. Өз алдынча айылдык маршруттук такси менен шаарга келип, андан соң адашып кеткен.

Териштирүү учурунда өспүрүм ата-энесинин уруксаты жок шаарга келгендиги маалым болгон. Кыздын жашаган дареги белгилүү болгондуктан милиция кызматкерлери тарабынан атасы табылып, кыз атасына тапшырылып берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан