Асылбек Жээнбеков Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолукту

Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков 2013-жылдын 27-29-ноябрь күндөрү Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын, Евразия экономикалык шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун парламенттик ассамблеясынын кезектеги жыйындарына катышуунун алкагында бүгүн, 28-ноябрда Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан кабарлашты.
Жолугушууга Асылбек Жээнбеков менен катар ЖК депутаттары Галина Скрипкина менен Сайдулла Нышанов катышты. Анда эки тараптуу кызматташтык мамилелерди, парламенттер аралык алакаларды арттыруу маселелери талкууланды.
Талкуу учурунда Асылбек Жээнбеков Орусия Федерациясы Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп санала турганын, акыркы жылдары мындай жылуу мамилелер ар тараптуу, анын ичинде соода-экономикалык, энергетикалык, аскердик-техникалык багытта жандуу өнүгүп баратканын баса белгиледи.
Ал эми Сергей Нарышкин Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтык мамилелер эки тараптуу да, көп тараптуу да форматта өнүгүп жатканын айтты. 
Мындан тышкары бул жолугушууда кыргыз мигранттарынын Орусиядагы жагдайлары жана Бажы биримдигине кирүү тууралуу сөз козголду. Жолугушуунун соңунда Сергей Нарышкин кесиптештерин Кыргыз парламентинин 75 жылдык мааракеси менен куттуктап, төрага Асылбек Жээнбековду 2014-жылы Орусия Федерациясына расмий иш сапары менен келүүгө чакырды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан