Мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүсүн узартуу боюнча талкуу жараткан мыйзам долбоорунда депутат Жусупбек Коргонбай уулунун консультанты ката кетирген. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлады.
"2022-жылдын 20-майында Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорунун тегерегинде жаралган жагдай боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз:
Тиешелүү териштирүүнүн негизинде депутат Жусупбек Коргонбай уулунун консультанты катачылыкка жол бергендиги аныкталды. Аталган депутат жогорудагы мыйзам долбоорунун демилгечиси эмес", - деп билдиришти Жогорку Кеңештен.
Эске салсак, Жогорку Кеңештин сайтында чиновниктердин эмгек өргүүсүн көбөйтүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, анын демилгечиси катары депутат Жусупбек Коргонбай уулу көрсөтүлгөн. Кийинчерээк депутат бул мыйзам долбоорун сунуштабаганын айтып, тескерисинче чиновниктерди камчылатып иштетүү керектигин айткан. Бир канча убакыттан кийин мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтынан алынган.