2021-жылдын декабрь айында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Маматовдун уулу Канатка рак диагнозу коюлган. Азыркы тапта Түркиядагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан 5 жаштагы Канат жардамга муктаж.
"Канаттан 2021-жылы сөөктүн метастаздары жана 4-баскычтагы нейробластома табылган. Мурда жашоого, оюндарга жана балдардын кыялдарына толгон көздөр азыр өтө оор илдет менен күрөшүп жатат. Ал кыйын жолдорду басып өттү.
Буга чейин Канат Түркияда 6 ирет химиялык терапиядан жана үч толук текшерүүдөн өткөн. Учурда нур терапиясынан өтүп жатат. Ал эми иммунотерапияга акча каражаты керек, анын баасы Германияда 430 миң евро, ал эми АКШда 800 миң доллардан жогору экен. Бүгүнкү күндө 35 миң доллар акча каражаты чогулду, дагы 365 миң доллар керек", - деп айтылат маалыматта.
Реквизиттер:
РСК Банк Visa - 4724 1440 3223 0925 Аида Маматова (Канаттын апасы);
Сбербанк - 2202 2014 0683 6821 Асель Исакова (Канаттын апасынын эжеси);
Оптима банк Visa - 4439 9710 0957 8449 Zhazgul Dzhooshbekova;
Мбанк +996 559 515 989 Zhazgul Dzhooshbekova;
ЭЛСОМ 0(559)51-59-89 Жазгуль Джоошбекова.