Талас облустук ички иштер башкармалыгы менен Казакстандын Жамбыл облусунун полиция департаментинин жетекчиликтери жолугушту. Анда жетекчилер кызматташуунун бир катар багыттарын талкуулашканын облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
"Кеңешменин максаты коңшулаш эки өлкөнүн коопсуздугун сактоо, кылмыштуулук, укук бузуулардын алдын алууда кызматташтыкты чыңдоо жана кылмыштын бетин ачууда көмөк көрсөтүүнү активдештирүү", - дешет башкармалыктан.
Жыйындын башында Талас ОИИБдин жетекчиси Марлис Асанов облустагы кылмыштуулук менен күрөшүүдө жалпы көрсөткүчтөрү менен жана чектеш жайгашкан аймактардагы көйгөйлөр тууралуу маалымат берип өттү. Андан соң Жамбыл облусунун полиция департаментинин начальниги Арманбек Баймурзин сөз сүйлөп, кызматташа турган бир нече багыттарды белгилеп өттү.
"Мыйзамсыз миграция, аткезчилик жана мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү, мал уурулук, уурулук, издөөдө жүргөн кылмышкерлерди аныктоо, дайынсыз жоголгон адамдарды издөө, криминалга байланышкан авто унааларды аныктоо жана саясий окуялардан кийинки уурдалган ок атуучу куралдарды кайтаруу боюнча иш-аракеттер талкууланды. Кеңешмеде чектеш жайгашкан ички иштер бөлүмдөрүнүн кылмыш ачууда мүмкүнчүлүктөрү аныкталып, көмөктөшүүнүн жолдору сүйлөшүлдү. Жолугушуунун соңунда эки тарап тиешелүү чечимдерди кабыл алышты", - деп билдиришти маалымат кызматынан.
Эки тараптуу жумушчу кеңешмеге Казакстандын Жамбыл облусунун полиция департаментинин начальниги Арманбек Баймурзин, криминалдык полиция башкармалыгынын начальниги Канат Кожамкулов, Тараз шаардык патрулдук полициясынын инспектору Айдос Ибраимов келишти.