Чүйдүн Кемин районунда 28 жаштагы Жолдошбек Чубак уулу дайынсыз болуп изделет. Аны табууга жакындары жана милиция кызматкерлери жардам сурайт.
Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Жолдошбек Чубак уулу 24-майда Калмак-Ашуу айылындагы мечиттен чыккан бойдон дайынсыз болууда.
Белгилери: бою 180 сантиметр, чачтары кара.
Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери: кара спорттук костюм, көк панама, кара спорттук бут кийим.
Өзгөчө белгилери: моюнунда так бар, эпилепсия менен жабыркайт.
Эгерде изделип жаткан жаранды көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 61-68-41, (0335) 5-02-80 же 102.