
Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды жана калаанын конокторун президенттик "Манас" оркестринин жандуу классикалык музыкасын угуп, эс алып кетүүгө чакырат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, концерт 26-27-май күндөрү Эски аянтта ачык асман алдында саат 19:00дө болот.