Депутаттар ИИМдин башчысы “айлык көтөрүлөт” деп, каржы министри “көтөрүлбөйт” деп эки ача сүйлөп жатканын айтышты

Депутат Кенжебек Бокоев “Республика” фракциясынын 29-ноябрдагы жыйынында Ички иштер министрлигинде айлыкты көтөрүү боюнча эки министр эки башка сүйлөп жатканын айтты. “Ички иштер министри милициянын майрамында 2014-жылы айлыгыңар көтөрүлөт” деди эле жакында каржы министри Ольга Лаврова “2014-жылы көтөрө албайбыз” деди. Бул эмне дегендик? Май айында парламентте токтом кабыл алынган, анда Ички иштер министрлигиндеги кызматкерлердин айлыгын башка министрликтер менен теңелмейинче 2014-жылдын бюджетин Жогорку Кеңешке алып келбөө талабы айтылган. Бул токтом эмнеге аткарылган жок? Бюджет долбоорун колдобошубуз керек”,- деди депутат. 

Биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев күч органдарындагы кызматкерлердин айлыгын теңдештирүү боюнча комиссия иштеп жатканын айтты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан