Сузакта окуучуга кол көтөргөн мугалим иштен алынабы? Директор жооп берди

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болду.

Тагыраагы, SUPER.KG порталы аталган мектептин директору Даткайым Нуралиевага байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Бул окуя 23-май күнү катталган. Ал күнү мугалим "окуучуну ачуума алдырып уруп койдум" деген. Мугалимге эскертүү берилген болчу. Мынчалык деңгээлде болгонун билген эмесмин. Бул видео менен бүгүн таанышып жатам. Аны мыйзамдын негизинде иштен алам.

Мугалим информатика жана көркөм өнөр сабагынан билим берчү. Сабалган кыз 7-класстын окуучусу. Анын ата-энеси видеону мага бүгүн алып келип көрсөтүштү", - деди директор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан