Бүгүн, 26-май күнү өлкөгө коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий иш сапары менен келет.
Сапардын алкагында Касым-Жомарт Токаев менен өлкө башчы Садыр Жапаров эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөт.
Эртең менен Бишкекте коопсуздук күчөтүлгөнү байкалды. Чыңгыз Айтматов көчөсү менен түштүктү көздөй Ахунбаев көчөсүнө чейин дээрлик 10 метрде бирден милиция кызматкеринин тургандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле шаарда унаа кыймылы дагы аз экени байкалды.
Буга чейин Милициянын кайгуул кызматы 26-май күнү Бишкекте бир нече көчө жабыларын кабарлаган.