БУУ Украинада ядролук согуш чыгышы мүмкүн экенин билдирди

Бириккен улуттар уюмунун чукул гуманитардык жардамды координациялоо дирекциясынын жетекчиси Рамеш Ражасингхам Украинада ядролук согуш чыгышы мүмкүн экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости басылмасы жазды.

Анын айтымында, Украинада көптөгөн карапайым тургундар тамак-аш, суу жана электр жарыгысыз калууда.

"Ал эми өзөктүк чыр-чатакты мурда элестетүү мүмкүн эмес болсо, эми кайрадан мүмкүн", - деген Ражасингхам.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров өзөктүк согуштун коркунучтары азыр өтө олуттуу экенин жана бул коркунучту баалабай коюуга болбой тургандыгын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан