Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" металлургиялык заводунун цехтеринин биринде каза болгондордун сөөгү сакталган өлүккана табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, заводдун цехтеринин бири өлүкканага айландырылып, ал жерде 300дөн ашуун жансыз дене табылган.
21-майда Орусиянын Коргоо министрлиги "Азовсталь" заводун толук көзөмөлгө алгандыгын билдирген. Анда заводдун аймагындагы 2 миңден ашуун согушкерлер багынып бергени айтылган.