"Мугалим жоопкерчиликке тартылышы керек". Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Сузактагы окуя боюнча билдирүү жасады

Сузакта мугалим мектеп окуучусуна кол көтөргөндүгү боюнча акыйкатчы Атыр Абдырахматова социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жасады.
Билдирүүсүндө ал учурда Азербайжанда экенин айтып, бул окуя боюнча толук кабардар экенин белгиледи.
Урматтуу туугандар, элим качан токтолобуз? Жаш бала, кичинекейлерибиз, өспүрүмдөр буюм эмес, мал эмес, жеке менчик эмес, мүлк эмес. Эч ким баланы урганга, сөккөнгө, жаман сөз айтканга укугу жок!
Кордукта, укуктары чектеп тебелеп чоңойгон балдарыбыз кайтадан алсыз, умтулуусуз коом катмарын толуктайт, көздөрүндө, ойлорунда кыял, үмүт жок, адилетсиздиктин туңгуюгу гана болот.
Сузакта мугалим окуучу кызды сабаганы тууралуу коллегаларым мектеп директору, кыздын ата-энеси, райондук милиция менен байланышка чыгып маалымат топтошту. Эртең райондон текшерүү барат экен.
Мен Азербайжандамын, видеону толук көрдүм. Бардык тараптын маалыматын алдым. Ошондуктан орун басардын колу менен эртең Акыйкатчыдан талап жөнөтүлөт. Мугалим жоопкерчиликке тартылыш керек. Мектеп директору да жооп бериш керек, жетекчи катары мындай иш аракеттерди алдын ала токтотпой, балдарыбызды адам көрбөй, кыздарыбызга орой, теңсиз мамилени сиңиргендер - коомдо зордук-зомбулуктун түптөлүшүнө, күчөшүнө салым кошкондор", - деп жазды ал.
Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районунда мугалимдин окуучуну башка чаап урушуп, ургулап жаткан видеосу тарап, талкууга алынган. Кийинчерээк кол көтөргөн мугалим иштен алынары маалым болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан