Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин келишине даярдык көрүлүүдө.
Резиденцияда Казакстандын президентин расмий тосуп алуу аземи болот. Андан кийин президент Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин тар жана кеңейтилген курамда кийинки жолугушуулары күтүлүүдө.
Эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө.