Талант Мамытов белгилүү мушкер Кямран Аббасов менен жолукту

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов белгилүү кыргызстандык мушкер, One Championship уюмунун учурдагы чемпиону Кямран Аббасовду кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастанбек Жумабеков, Өмүрбек Бакиров, мушкердин машыктыруучусу Якуб Алиев жана Руслан Кыдырмышев катышкан.

Төрага Талант Мамытов дүйнөлүк ири мелдештерде Кыргызстандын желегин желбиретип келе жаткан Кямрян Аббасов көпчүлүккө үлгү экенин баса белгилеп: "Сиздин талыкпаган эмгек жана тынымсыз аракет менен жетишкен спорттогу жеңиштериңиз мактоого татыктуу", - деген.

Муну менен катар мушкерге ийгиликтерди каалаган Талант Мамытов Жогорку Кеңештин ардак грамотасын тапшырган.

Белгилей кетсек, Кямран Аббасов дүйнөдөгү беделдүү делген One Championship уюмунун чемпиондук наамына жетип, өлкө тарыхында алгачкы ирет аталган уюмдун курун тагынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан